Чечим 192

Мазмуну

2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ачык кенешүүлөрдүн башталышы жөнүндө кабарландыруу

2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ачык кенешүүлөрдүн башталышы жөнүндө

кабарландыруу

                  Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2021-2025-жылдарга карата жана электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоорун иштеп чыгууга укуктук жөнгө салууну ачык талкуулоонун башталышы, кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жана долборду иштеп чыгууну демилгелөө жөнүндө кабарлайт.

                  1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпатталышы (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен сыпаттоо):

                  Көп жылдар бою акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтер өздүк нарктан төмөн белгиленип келет, бул жыл сайын акча каражаттарынын тартыштыгына алып келүүдө. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча энергия тутумундагы акча каражаттарынын тартыштыгы                 6,6 млрд.сомду түзгөн, ал эми 2024-жылы күтүлгөн көрсөткүчтөргө ылайык тартыштык 9,5 млрд. сомду түзөт. Көрүнүп тургандай, 2024-жылы энергия тутуму боюнча акча каражаттарынын күтүлүп жаткан тартыштыгы 2023-жылга салыштырмалуу 2,9 млрд.сомго же 43,9% га көптүк кылат.

                  Мындан тышкары, өлкөнүн энергетика секторунун карыз милдеттенмелеринин суммасы бүгүнкү күндө 160,9 млрд.сомго жакын сумманы түзөт ( 2024-ж. 1-июлуна АКШ долларынын курсу 85,23 сом болгондугун эске алуу менен), бул тарифтик тартыштыкта тармак үчүн оор жүк болуп саналат.

                  2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен сыпаттоо) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын (жөнгө салуунун негизги ченемдерин) сыпаттоо:

                  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31- октябрындагы №221 жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, энергетика секторун оңдоо жана андан кийинки туруктуу иштөөсү экономикалык жактан негизделген тарифтерге өтүүнү талап кылат, бул – керектөөчүлөргө чейин электр энергиясын, жылуулукту жеткирүү жана генерациялоо боюнча негизги чыгымдарды камтууга тийиш. 2040-жылга чейинки келечекте тарифтик саясаттын, анын ичинде мезгилдик жана аймактык саясаттын ийкемдүүлүгү камсыздалат. Инвестициялык жагымдуу тарифтер электр энергиясын жана жылуулук берүүчүлөрдүн пайда болуусуна шарт түзөт. Ушуга байланыштуу энергетикадагы стратегиялык объекттерди курууга жана башкарууга жеке инвесторлорду тартуу эске алынуу менен МЖӨ механизмдери кеңири колдонулат.

               3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен сыпаттоо):

               2021-2025-жылдарга электр энергиясы боюнча колдонуудагы ОМТСке өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөндөгүлөрдүн болушуна шарт түзөт:

1.     Энергетикалык тутум боюнча кирешелердин өсүшүнө:

Киреше

(млрд. сом)

2020.

2021.

2022.

2023.

2024. (күтүлүү)

19,5

21,9

25,6

28,9

41,9

 

              2023-жылды 2020-жылдан тартып энергетикалык тутум боюнча салыштырып көргөндө кирешелерин өсүшү 9,4 млрд.сомду же 48,2% түздү.

              2. Энергетика секторунун кредиттери боюнча милдеттенмелерди аткарууга.

              3. Электр тармактарын курууга жана кайра конструкциялоого капиталдык салымдар боюнча энергетикалык компаниялардын чыгымдарын жабууга.

             4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен сыпаттоо):

             Тиричилик эмес абоненттер үчүн электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшү керектелген электр энергиясылардын төлөө чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келет.

            5. Сунушталган жөнгө салуунун даректелүүчүлөрдүн - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен сыпаттоо):

            2023-жылга карата республика боюнча 109 350 тиричилик эмес абоненттер бар, алардын жалпы керектөөсү 3,6 млрд.кВтсты түзөт.  2023-жылы колдонуудагы тариф боюнча тиричилик эмес абоненттерге электр энергиясын пайдалуу берүүнү сатуудан түшкөн киреше 9,1 млрд.сомду түздү. ОМТСке өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн сунушталган долбоору боюнча тиричилик эмес абоненттерге электр энергиясын пайдалуу берүүнү сатуудан түшө турган кошумча киреше 2,1 млрд.сомду түзөт.

          6. Сунушталган жөнгө салуунун дареметтүү (потенциалдуу) даректелүүчүлөрүнүн аны киргизүүгө байланышкан пайдаларын болжолдуу баалоо:

          2023-жылы тиричилик эмес абоненттерге электр энергиясын пайдалуу берүүнү сатуудан түшкөн киреше 9,1 млрд. сомду түздү:   

          Жаңы тарифтерди киргизүүдө көрсөтүлгөн абоненттерге электр энергиясын пайдалуу берүүнү сатуудан энергетикалык компаниялардын кошумча кирешеси 2,1 млрд.сомду түзөт.

          2023-жылы электр энергиясын төлөө үчүн керектөөчүлөрдүн чыгашалары 11,1 млрд.сомду түздү, ал эми жаңы тарифтер киргизилгенде керектөөчүлөрдүн чыгашалары 13,2 млрд. сомду түзөт же 18,9% га көбөйөт.

          Жаңы ОМТСти киргизүү менен байланышкан керектөөчүлөр үчүн артыкчылыктар:

         - керектелген электр энергиясынын сапаты жогорулайт;

         - авариялык өчүрүүлөрдүн саны азаят.

          7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

         Өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашалары каралбайт.

         Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүдө мамлекет үчүн төмөндөгүдөй пайдалар болот:

         - электр энергиясына тарифти жогорулатуунун эсебинен салыктык түшүүлөр көбөйөт;

         - колдонуудагы тарифтик тутумду жана электр энергиясын керектөөнүн минималдуу ченемин сактоо жолу менен энергетикалык коопсуздук камсыз кылынат;

        - орто мөөнөттүү келечекте жаңы тарифтик саясатты кабыл алуудан жана ишке ашыруудан алынган кошумча кирешелердин эсебинен электр энергиясынын тартыштыгы кыскарат.

Кабарландыруу маалыматтарын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөр

1. Сунуштар кабыл алынат:

 

- электрондук почта аркылуу

monitoring.tek@mail.ru

- почта дарегине

720055, Бишкек ш,   И. Ахунбаев көч. 119

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү ушул мөөнөттөн кечиктирилбеш керек

2024-жылдын 8-августу (17:59)

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү ушул мөөнөттөн кечиктирилбеш керек

2024 жылдын 9- августу (17:59)