ОЭКти жөнгө салуу боюнча комиссия

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу маселелери боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин  консультативдик-кеңеш берүүчү органы болуп эсептелет.

Комиссиянын отурумдарында төмөнкү маселелер каралат:

  • тарифтерди белгилөө;
  • энергетика жаатындагы лицензиялык иштин түрлөрүн лицензиялоого лицензияларды берүү, кайрадан тариздөө жана токтото туруу;
  • чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таануу;
  • ишканаларды (уюмдарды) электр энергиясын ири керектөөчүлөрдүн, электр энергиясын керектөөчү-алып кайра сатуучулардын жана бөлүштүрүүчү ишканалардын (электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканалардын) тизмегине киргизүү;
  • лицензиялык шарттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплекси жана монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарын бузган учурда лицензия ээлерине санкцияларды колдонуу;
  • текшерүү пландарын макулдашуу жана түзүү.

Комиссия анын жеке курамы директордун буйругу менен бекитилген беш адамдан турат.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жок болгон учурда анын функцияларын тиешелүү чечимдин негизинде анын милдетин аткаруучу аткарат.