Чечим №1
Мазмуну
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги укуктук жөнгө салууну ачык-айкын талкууга чыгаруу жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Ми
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги укуктук жөнгө салууну ачык-айкын талкууга чыгаруу жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбоорун иштеп чыгуу демилгеси башталгандыгы жөнүндө кабарлайт.
Токтом долбоорунун документтеринин толук пакети тиркемеде.
|
1. Сунуштар төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: |
|
|
– электрондук почта аркылуу |
monitoring.tek@mail.ru |
|
– почта дареги боюнча |
720055, Бишкек ш., И. Ахунбаев көч., 119 |
|
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү |
2025-жылдын 15-декабрынан (17:59) кечиктирилбестен |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, генерациялоочу кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, керектөөнүн эң жогорку сааттарында энергосистемага жүктөмдү азайтуу, ошондой эле сутканын убактысына жараша дифференцияланган тарифтердин колдонулушун кеңейтүү аркылуу тарифтик саясатты өркүндөтүү максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын 4-тиркемесинде:
– 8-пунктундагы ««Калк» керектөөчүлөр тобу» деген сөздөр ««Калк», «Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялары», «Өнөр жай керектөөчүлөрү» жана «Коммерциялык керектөөчүлөр» керектөөчүлөр топтору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 9-пунктунун 1- пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «– керектелген электр энергиясынын бардык көлөмү үчүн төлөм белгиленген убакыттын ошол мезгилинде колдонулган тариф боюнча, ал эми «Калк» керектөөчүлөр тобу үчүн 700 кВт.с керектөө көлөмүнөн ашкан электр энергиясынын көлөмүнө белгиленген тариф боюнча эсептелет;»;
– 9-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы «0,5» деген сөздөр «0,75» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 9-пунктунун 2- пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «1,5» деген сөздөр «1,0» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин « Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын
2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбооруна
МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул токтом долбоорунун максаты жана милдети тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, генерациялоочу кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, керектөөнүн эң жогорку сааттарында энергосистемага жүктөмдү азайтуу, ошондой эле сутканын убактысына жараша дифференцияланган тарифтердин колдонулушун кеңейтүү аркылуу тарифтик саясатты өркүндөтүү болуп саналат.
2. Баяндама бөлүгү
Кыргыз Республикасынын энергетикалык тутуму акыркы жылдары генерациялоочу кубаттуулуктардын чектелген жана айрыкча күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы сакталган шарттарында иштеп жатат.
Энергетикалык компаниялардын маалыматы боюнча, эртең мененки сааттарда (07:00дөн 10:00гө чейин) жана кечки сааттарда (17:00дөн 20:00гө чейин) эң жогорку чыңалуулар байкалат, бул кошумча генератордук кубаттуулуктарды тартууну талап кылат, жабдуулардын эскиришин көбөйтөт жана эксплуатациялык чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Натыйжада электр энергиясын керектөөнүн бирдей эмес күндөлүк графиги түзүлүп, энергия системасынын туруктуу жана тең салмактуу иштешине тоскоолдук кылат.
Электр энергиясынын тартыштыгы сакталып турган шартта, айрыкча кыш мезгилинде, энергетикалык компаниялар керектөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн уруксат берилген кубаттуулукту чектөөгө аргасыз болушат - атап айтканда, максималдуу жүктөлүү сааттарында лимитти 5 кВттан 3 кВтка чейин төмөндөтүү, бул керектөөчүнү керектүү көлөмдөгү электр энергиясы менен камсыз кылууга терс таасирин тийгизет жана энергияны керектөөнү жөнгө салуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү талап кылат.
Электр энергиясынын тартыштыгын жабуу үчүн кошуна мамлекеттерден импорт колдонулат, бул энергетикалык компанияларга финансылык оорчулукту күчөтөт. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча импорт 3,84 млрд. кВтсты түзгөн, ал эми 2025-жылга 3,8 млрд. кВтс. Көлөмүндө пландаштырылган.
Ошентип, энергетикалык системанын негизги көйгөйлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- керектөөнүн эң жогорку саатындагы жогорку жүктөм;
- энергияны керектөөнүн суткалык графигинин бирдей эместиги;
- өздүк генерациялоочу кубаттуулуктардын жетишсиздиги;
- электр энергиясынын тартыштыгынын жана аны жабуу чыгымдарынын өсүшү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтому менен Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) бекитилген. Аталган тарифтик саясат калк үчүн айына 700 кВтска чейинки электр энергиясына тарифтерди жыл сайын 20%га, өнөр жай жана коммерциялык керектөөчүлөр үчүн мурунку жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине, ал эми керектөөчүлөрдүн калган топтору үчүн мурунку жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жана 3,5%га түзөтүүнү карайт. ОМТСти ишке ашыруунун жыйынтыгында 2030-жылдын аягына чейин энергетика секторундагы акча каражаттарынын тартыштыгын жоюу күтүлүүдө.
Учурдагы ОМТСтин редакциясына ылайык, сутканын убактысына жараша дифференцияланган тарифтер автоматташтырылган эсепке алуу системалары (АИИСКУЭ) менен жабдылган "Калк" керектөөчүлөр тобу үчүн гана колдонулат жана анда төмөнкү коэффициенттер каралган:
– түнкү зона үчүн (саат 00:00дөн 06:00гө чейин) - 0,5;
– күндүзгү зона үчүн (саат 06:00дөн 00:00гө чейин) - 1,5;
– максимум сааттары үчүн (саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин) - 2,0.
Энергосистеманын жүктөмүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, токтом долбоору менен «Электр мобилдерди кубаттоо станциялары», «Өнөр жай керектөөчүлөрү» жана «Коммерциялык керектөөчүлөр» топтору үчүн, эгерде аларда күндүн убакыт зоналары боюнча керектөөнү каттаган эсептөө приборлору (АИИСКУЭ) бар болсо, дифференциалдаштырылган тарифтерди колдонуу сунушталат. Керектөөчүлөрдүн бул категориялары энергияны пайдалануунун жогорку деңгээли менен айырмаланат, ошондой эле алардын арасында эң жогорку жүктөмдөрдүн түзүлүшүнө олуттуу таасирин тийгизген ири керектөөчүлөр бар.
Мындан тышкары, долбоор тарифтик катыштардын экономикалык максатка ылайыктуулугун так чагылдыруу үчүн керектөө зоналарынын коэффициенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Мисалы, түнкү зонанын коэффициенти 0,5тен 0,75ке чейин көбөйтүлөт, күндүзгү зонанын коэффициенти 1,5тен 1,0го чейин төмөндөтүлөт, ал эми максимум сааттарынын коэффициенти мурдагы деңгээлде - 2,0до сакталат.
Ошентип, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин белгиленген коэффициенттер төмөнкү маанилерге ээ болот:
– түнкү зона үчүн коэффициент (00:00дөн 06:00гө чейин) - 0,75;
– күндүзгү зона үчүн коэффициент (06:00дөн 00:00гө чейин) - 1,0;
– максимум сааттардагы коэффициент (07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин) - 2,0.
Бул өзгөртүүлөр тарифтик катыштарды түзөтүүгө мүмкүндүк берет, ошол эле учурда түнкү сааттарга жүктөмү жылдырылган керектөөчүлөр үчүн түрткү берүүчү таасирди сактап, ошондой эле электр энергиясынын баасын ар кандай убакыт аралыктарында адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыздайт.
Бул долбоорду ишке ашыруу эң жогорку керектөө сааттарындагы жүктөмдү азайтууга, күнүмдүк энергияны керектөө графигин тууралоого, генерациялоочу кубаттуулуктарды чектөө шарттарында энергосистеманын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле электр энергиясын эсептөө системаларын модернизациялоого жана АИИСКУЭ киргизүүгө түрткү берүүгө багытталган.
Бул тарифтер электр менен камсыздоочу уюмдун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда жана керектөөчүлөрдүн ыктыярдуулугунун негизинде колдонула тургандыгын белгилеп кетебиз.
Ушуга байланыштуу, «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине жана «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-апрелиндеги №227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди болжолдоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул токтомунун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул токтом долбоору «Коом талкуу» бирдиктүү порталына коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн жайгаштырылган.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык мыйзам актыларына карама-каршы келбейт.
6. Каржылоонун зарылдыгы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүүгө алып келбейт.
7. Жөнгө салуучу таасирди талдоо жөнүндө маалымат
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлгөн.
Министр Т.О. Ибраев
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө » токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбооруна
салыштырма таблица
|
Колдонуудагы редакциясы |
Сунушталган редакция |
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтому |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтому |
|
Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 4-тиркеме
Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча
1-глава. Жалпы жоболор
1. Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама (мындан ары – Нускама) Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты (мындан ары – ОМТС) ишке ашыруунун алкагында колдонууга бекитилген электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин аныктайт, ошондой эле белгиленген тарифтер колдонула турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
2-глава. Тарифтерди колдонуу чөйрөсү
2. Ушул Нускама менен белгиленген тарифтерди колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан акыркы керектөөчүлөргө өндүрүлүүчү, берилүүчү, бөлүштүрүлүүчү жана сатылуучу электр энергиясына карата колдонулат. 3. Электр менен камсыздоочу уюм керектелүүчү электр энергиясынын багытын көрсөтүү жана иштин түрүн аныктоочу документтерди берүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча тарифтик топту белгилейт. Берилүүчү документтердин тизмеги электр менен камсыздоочу уюм тарабынан аныкталат. 4. Электр менен камсыздоочу уюм Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү тизменин негизинде “Калк”, “үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөрүнүн тарифтик тобун колдонот.
3-глава. Тарифтердин түрлөрү
5. Бул Нускама менен акыркы керектөөчүлөргө активдүү электр энергиясынын керектөөчүлөргө берилген бир киловатт-саатына (кВт.с) төлөөдө тарифтердин төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу тартиби жөнгө салынат. 6. Бир ставкалуу тариф – бул 1 кВт.с үчүн белгиленген ставка, ал сутка убактысынан көз каранды эмес. Бир ставкалуу тариф электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөргө колдонулат. 7. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтер сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген катталган эсепке алуу системаларынын жана приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан колдонулат. Дифференциацияланган тариф сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициентке ылайык керектелген активдүү электр энергиясынын 1 кВт.с наркын аныктайт. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтин багыты – энергетикалык системанын жүктөмүнүн суткалык графигин теңештирүү. 8. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган электр энергиясынын тарифтери сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасынын катталган системаларына жана приборлоруна (ЭКЭМӨС) ээ болгон “Калк” керектөөчүлөр тобу үчүн электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан колдонулат.
9. Электр менен камсыздоочу уюмдун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда керектөөчү (абонент) төмөнкү шарттар аткарылган учурда аны менен керектелүүчү электр энергиясынын бардык көлөмүнө дифференциацияланган тарифти колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу: 1) керектелген электр энергиясынын бардык көлөмү үчүн төлөм 700 кВт.с керектөө көлөмүнөн ашкан электр энергиясынын көлөмүнө белгиленген убакыттын ошол мезгилинде колдонулган тариф боюнча эсептелет;
2) керектөөчү сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер боюнча электр энергиясынын бардык керектелген көлөмүн төлөөгө милдеттенет: – түнкү зона үчүн коэффициент (саат 00:00дөн 06:00гө чейин) – 0,5; – күндүзгү зона үчүн коэффициент (саат 06:00дөн 00:00гө чейин) – 1,5; – максимум сааттарда коэффициент (саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 07:00дөн 20:00гө чейин) – 2,0. |
Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 4-тиркеме
Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча
1-глава. Жалпы жоболор
1. Электр энергиясына тарифтерди колдонуу боюнча нускама (мындан ары – Нускама) Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты (мындан ары – ОМТС) ишке ашыруунун алкагында колдонууга бекитилген электр энергиясына тарифтерди колдонуунун тартибин аныктайт, ошондой эле белгиленген тарифтер колдонула турган керектөөчүлөрдүн тизмегин аныктайт.
2-глава. Тарифтерди колдонуу чөйрөсү
2. Ушул Нускама менен белгиленген тарифтерди колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан акыркы керектөөчүлөргө өндүрүлүүчү, берилүүчү, бөлүштүрүлүүчү жана сатылуучу электр энергиясына карата колдонулат. 3. Электр менен камсыздоочу уюм керектелүүчү электр энергиясынын багытын көрсөтүү жана иштин түрүн аныктоочу документтерди берүү менен керектөөчүнүн (абоненттин) арызы боюнча тарифтик топту белгилейт. Берилүүчү документтердин тизмеги электр менен камсыздоочу уюм тарабынан аныкталат. 4. Электр менен камсыздоочу уюм Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилүүчү тизменин негизинде “Калк”, “үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр керектөөчүлөрүнүн тарифтик тобун колдонот.
3-глава. Тарифтердин түрлөрү
5. Бул Нускама менен акыркы керектөөчүлөргө активдүү электр энергиясынын керектөөчүлөргө берилген бир киловатт-саатына (кВт.с) төлөөдө тарифтердин төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу тартиби жөнгө салынат. 6. Бир ставкалуу тариф – бул 1 кВт.с үчүн белгиленген ставка, ал сутка убактысынан көз каранды эмес. Бир ставкалуу тариф электр менен жабдуучу уюмдар тарабынан бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөргө колдонулат. 7. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтер сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген катталган эсепке алуу системаларынын жана приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан колдонулат. Дифференциацияланган тариф сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициентке ылайык керектелген активдүү электр энергиясынын 1 кВт.с наркын аныктайт. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган тарифтин багыты – энергетикалык системанын жүктөмүнүн суткалык графигин теңештирүү. 8. Сутка убактысы боюнча дифференциацияланган электр энергиясынын тарифтери сутка убактысы боюнча керектөө режимине ылайык электр энергиясын эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берген электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө системасынын катталган системаларына жана приборлоруна (ЭКЭМӨС) ээ болгон «Калк», «Электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялары», «Өнөр жай керектөөчүлөрү» жана «Коммерциялык керектөөчүлөр» керектөөчүлөр топтору үчүн электр менен камсыздоочу уюмдар тарабынан колдонулат. 9. Электр менен камсыздоочу уюмдун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда керектөөчү (абонент) төмөнкү шарттар аткарылган учурда аны менен керектелүүчү электр энергиясынын бардык көлөмүнө дифференциацияланган тарифти колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу: 1) керектелген электр энергиясынын бардык көлөмү үчүн төлөм белгиленген убакыттын ошол мезгилинде колдонулган тариф боюнча, ал эми «Калк» керектөөчүлөр тобу үчүн 700 кВт.с керектөө көлөмүнөн ашкан электр энергиясынын көлөмүнө белгиленген тариф боюнча эсептелет; 2) керектөөчү сутканын ар бир убакыттык мезгили үчүн белгиленген коэффициенттерди колдонуу менен жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер боюнча электр энергиясынын бардык керектелген көлөмүн төлөөгө милдеттенет: – түнкү зона үчүн коэффициент (саат 00:00дөн 06:00гө чейин) – 0,75; – күндүзгү зона үчүн коэффициент (саат 06:00дөн 00:00гө чейин) – 1,0; – максимум сааттарда коэффициент (саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 07:00дөн 20:00гө чейин) – 2,0. |
Министр Т.О. Ибраев