Чечим 35

Мазмуну

Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоорун иштеп чыгуу жана ачык кенешүүлөрдүн башталышы жөнүндө КАБАРЛАНДЫРУУ

Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоорун иштеп чыгуу жана ачык кенешүүлөрдүн башталышы жөнүндө

КАБАРЛАНДЫРУУ

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата жана электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын (мындан ары – ОМТС) долбоорун иштеп чыгуугуну демилгелөөнүн, кызыктар жактардын сунуштарын укуктук жөнгө салууну жана жыйноону асык-айкын талкылоону башталышы жөнүндө кабарлайт.

 

1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйлордүн сыпатталышы (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен сыпаттоо):

Көп жылдар бою акыркы керектөөчүлөрдүн белгилүү топтору үчүн электр энергиясына тарифтер (калк (анын ичинде: бийик тоолуу райондордо жашагандар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, Токтогул районунда жашаган калк), насостук станциялар, электр транспорту, балдар мекемелери, майыптар жана улгайган жарандар үчүн мекемелер, диний уюмдар) өздүк нарктан төмөн белгиленип келет, бул жыл сайын акча каражаттарынын тартыштыгына алып келүүдө, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча энергия тутумундагы акча каражаттарынын тартыштыгы 6,6 млрд. сомду түзгөн, ал эми 2024-жылы күтүлгөн көрсөткүчтөргө ылайык тартыштык 8,1 млрд. сомду түзөт. Көрүнүп тургандай, 2024-жылы энергия тутуму боюнча акча каражаттарынын күтүлүп жаткан тартыштыгы 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд.сомго же 22,7% га көптүк кылат.

Мындан тышкары, 2025-жылдын январына карата өлкөнүн энергетика секторунун карыз милдеттенмесинин суммасы 118,2 млрд. сомду түзөт, бул тарифтик тартыштыкта тармак үчүн оор жүк болуп саналат.

 

2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен сыпаттоо) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын (жөнгө салуунун негизги ченемдерин)сыпаттоо:

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын
31-октябрындагы № 221 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарда өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, энергетика секторун оңдоо жана андан кийинки туруктуу иштөөсү экономикалык жактан негизделген тарифтерге өтүүнү талап кылат, бул – керектөөчүлөргө чейин электр энергиясын, жылуулукту жеткирүү жана генерациялоо боюнча негизги чыгымдарды камтууга тийиш.
2040-жылга чейинки келечекте тарифтик саясаттын, анын ичинде мезгилдик жана аймактык саясаттын ийкемдүүлүгү камсыздалат. Инвестициялык жагымдуу тарифтер альтернативдүү электр энергиясын   жылуулук берүүчүлөрдүн пайда болуусуна шарт түзөт. Ушуга байланыштуу энергетикадагы стратегиялык объекттерди курууга жана башкарууга жеке инвесторлорду тартуу эске алынуу менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдери кеңири колдонулат.

Сунушталган өзгөртүүлөр келечекте 2030-жылга карата электр энергиясын керектөөнүн жыл сайын табигый өсүшүн, ошондой эле электр энергиясын генерациялоонун жана альтернативдик булактардан, анын ичинде ЭКБдан тийиштүү түрдө өсүшүн эске алуу менен республиканын энергия секторундагы акча каражаттарынын тартыштыгын жоюуга мүмкүндүк берет.

 

3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо(тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен сыпаттоо):

Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга электр энергиясы боюнча колдонуудагы жаңы ОМТСке иштеп чыгуу төмөндөгүлөрдүн болушуна шарт түзөт:

1.                 Энергетикалык тутум боюнча кирешелердин өсүшүнө:

Киреше

(млрд. сом)

2024-ж. (күт.)

2025-ж.

2026-ж.

2027-ж.

2028-ж.

2029-ж.

2030-ж.

31,9

39,8

45,5

54,5

62,1

71,1

81,5

2030-жылы күтүлгөн 2024-жылга салыштырмалуу энергетика системасы боюнча кирешенин өсүшү 49,6 млрд.сомду же 155,2%ды түзөт.

2. Энергетика секторунун кредиттери боюнча милдеттенмелерди аткарууга алып келет.

3. Энергетикалык компаниялардын тартыштыгын жабууга республикалык бюджеттен кредиттик каражаттарды бөлүү зарылдыгын токтотууга алып келет.

4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен сыпаттоо):

Электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшү керектелген электр энергиясын төлөөгө керектөөчүлөрдүн чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келет.

5. Сунушталган жөнгө салуунун даректелүүчүлөрүнүн - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен сыпаттоо):

2025-жылдын 1–январына карата республика боюнча
112 251 "КУЭТ" ААКнын тиричилик эмес абоненттери эсептелген.

2024-жылы тиричилик эмес керектөөчүлөрдүн керектөөсү 6,6 млрд. кВтс түзөт.

6. Сунушталган жөнгө салуунун дареметтүү (потенциалдуу) даректелүүчүлөрүнүн жаңы ОМТСти киргизүүгө байланышкан кошумча чыгымдырын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

2024-жылы энергетикалык тутумдун кирешеси 31,9 млрд. сомду түзөт.

Жаңы тарифтерди киргизүүдө 2025-жылы энергетика тутумунун кошумча жылдык кирешеси 2024-жылга салыштырмалуу тиричилик эмес абоненттерден 5,5 млрд.сомду түзөт.

Жаңы ОМТСти киргизүү менен байланышкан керектөөчүлөр үчүн артыкчылыктар:

- керектелген электр энергиясынын сапаты жогорулайт;

- авариялык өчүрүүлөрдүн саны азаят;

- электр энергиясын иштеп чыгуунун өсүшү;

- жыл сайын пайда болгон электр энергиясын генерациялоонун тартыштыгынан улам керектөөчүлөргө белгиленген кубаттуулук лимитин алып салуу мүмкүнчүлүгү.

 

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

2025-жылдын 1-январына карата "КУЭТ" ААКта 3 785 бюджеттик абонент бар. 2024-жылы аталган абоненттердин электр энергиясын керектөөсү 1,0 млрд.кВт саатты түзгөн. 2025-жылы жаңы тарифтерди колдонуудан кошумча киреше 0,612 млрд. сомду түзөт, демек, бюджеттик уюмдар керектеген электр энергиясына төлөөгө республикалык бюджеттен кошумча чыгымдар 0,612 млрд. сомду түзөт.

Ошшону менен бирге, акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизүүдө мамлекет үчүн пайдалар:

- электр энергиясына тарифти жогорулатуунун эсебинен салыктык түшүүлөр көбөйөт;

- электр энергиясын керектөөнүн минималдуу ченемин сактоо, керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жолу менен энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу;

- орто мөөнөттүү келечекте энергетикалык компанияларга бюджеттик кредиттерди берүүнүн зарылдыгын тартыштыкты жабуу үчүн кыскартуу жана жоюу, бул акча каражаттарын башка социалдык-маанилүү долбоорлорго багыттоо мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө болот;

- орто мөөнөттүү келечекте жаңы тарифтик саясатты кабыл алуудан жана ишке ашыруудан алынган кошумча кирешелердин эсебинен акча каражаттарынын тартыштыгын кыскартуу жана жоюу.

 

Кабарландыруу маалыматтарын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөр

1. Сунуштар кабыл алынат:

 

     - электрондук почта аркылуу

monitoring.tek@mail.ru

     - почта дарегине

720055, Бишкек ш,   И. Ахунбаев көч. 119

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү ушул мөөнөттөн кечиктирилбеш керек

2025-жылдын 21-февралы (17:59)

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү ушул мөөнөттөн кечиктирилбеш керек

2025-жылдын 24-февралы (17:59)