Чечим №№ 01-13/146
Мазмуну
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин буйругунун долбоору
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги ушуну менен укуктук жөнгө салууну коомдук талкууга чыгаруу жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин "Электр энергетика тармагында бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн айрым маселелер жөнүндө" 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин буйругунун долбоорун иштеп чыгууну демилгелөө жөнүндө кабарлайт.
Буйрук долбоорунун документтеринин толук пакети тиркемеде.
|
1. Сунуштар төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: |
|
|
– электрондук почта аркылуу |
tarif.gartek@gmail.com |
|
– почта дареги боюнча |
720055, г. Бишкек, ул. И. Ахунбаева, 119 |
|
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү |
2026-жылдын 18-мартынан кечиктирилбестен (17:59) |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 "Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Электр энергиясын керектөөчүлөрдү тартыштык шартында ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетика тармагындагы акча каражаттарынын тартыштыгын азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы "бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" № 01-13/146 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-главанын 11, 12 жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Бөлүштүрүүчү ишканалардын 1ден n ге чейинки ар бири үчүн сарптоолорунун толук жылдык суммасы төмөндөгү формула боюнча эсептелет:
Бис 1 толук жылдык = Бис 1 + Би1П + Би1...nК
мында:
Бис 1 толук жылдык – бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн сарптоолорунун толук жылдык суммасы;
Бис 1– 1…n ден тартып ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын сарптоолору;
Би1П – бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн кредиттик милдеттенмелер боюнча пайыздар;
Би1...nК – бир бөлүштүрүүчү ишкананын кирешесинен каржылануучу чыгымдар.
12. Негизги жеткирип берүүчү тарабынан электр энергиясын импорттоо жүзөгө ашырылган учурда, бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн негизги жеткирип берүүчүдөн сатып алынуучу электр энергиясынын тарифи негизги жеткирип берүүчүнүн сатып алынуучу импорттолгон электр энергиясынын орточо салмакталган наркынын деңгээлинде белгиленет, мында негизги жеткирип берүүчүнүн электр энергиясын өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы эске алынат. Натыйжада бардык бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн бирдиктүү сатып алуу тарифи белгиленет.
Негизги жеткирип берүүчүдөн бардык бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясын сатып алуунун бирдиктүү тарифи төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Тп = (Зи / Ви) + Тт,
мында:
Зи – негизги жеткирип берүүчү тарабынан импорттолгон электр энергиясын сатып алууга кеткен жалпы чыгымдар;
Ви – негизги жеткирип берүүчү тарабынан сатып алынуучу импорттолгон электр энергиясынын жалпы көлөмү;
Тт – негизги жеткирип берүүчүнүн электр тармактары аркылуу электр энергиясын өткөрүү кызмат көрсөтүүсүнүн тарифи.
Негизги жеткирүүчү тарабынан электр энергиясын импорттоо токтотулган учурда, бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн негизги жеткирүүчүдөн электр энергиясын сатып алуу тарифи энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттери үчүн белгиленген тарифтин чектүү деңгээлинин ченеминде белгиленет.
12.1. Сатып алынуучу импорттолгон электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринен алынган электр энергиясы болбогон учурда, ар бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн жылдык жалпы чыгымдардын суммасы ушул Методиканын 11-пунктуна ылайык эсептелет.
13. Белгиленген өлчөмдөгү киреше кирешеден каржылануучу чыгымдар ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган инвестициялык программага ылайык тармактарды өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңылоого, колдоого, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга, ошондой эле кредиттер боюнча төлөөлөрдү жабууга багытталат. Макулдашылган инвестициялык программа жок болгон учурда, чыгымдардын тиешелүү суммасы 11-пунктка ылайык эсептелген сарптоолордун толук жылдык суммасына киргизилбейт.
Эскертүү:
электр энергиясын негизги жеткирип берүүчү – бардык бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясын жеткирип берүүчү.»
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралары көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын энергетика министирлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 «Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
буйруктун долбооруна
МААЛЫМ КАТ – НЕГИЗДЕМЕ
1. Максат жана милдеттер
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин бул буйругунун долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын электр энергиясын керектөөчүлөрдү тартыштык шартында ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, ошондой эле энергетика тармагындагы акча каражаттарынын тартыштыгын азайтуу болуп саналат.
2. Баяндама бөлүгү
Азыркы Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу
бирдиктерин эсептөөнүн Усулдугу жана Электр тармактарынын шарттуу бирдигин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын эсептөөнүн Усулдугу (мындан ары - 1 жана 2 - усулдуктар) Кыргыз Республикасынын энергетика министирлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы № 01-13/146 «Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө» буйругу менен бекитилген.
Азыркы усулдуктар «Кыргызстандын УЭТ» ААКтан (мындан ары - электр энергиясын негизги жеткирип берүүчү) электр энергиясын сатып алуу тарифтерин аныктайт, алар бөлүштүрүүчү ишканалардын бардык негиздүү чыгымдарын чагылдырууга тийиш. Берилген усулдуктар көлөмү 1 млрд
кВт саатка чейинки электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканаларга (мындан ары - БИ) жайылтылат.
Башка өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоодон келип чыккан энергетика системасындагы накталай акча тартыштыгын жабуу максатында ушул усулдуктарды кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.
2025-жылга карата белгиленген энергетикалык компаниялардын пландык техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында электр энергиясынын тартыштыгы 3,8 млрд кВт·саат көлөмүндө түзүлүп, ошол эле учурда энергетика секторунда акча каражаттарынын тартыштыгы 4,6 млрд сом өлчөмүндө күтүлүүдө.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, буйрук долбоору менен бардык бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясын сатып алуу боюнча бирдиктүү тарифти негизги жеткирип берүүчүнүн импорттолгон электр энергиясынын орточо наркынын деңгээлинде, анын электр энергиясын өткөрүү кызмат көрсөтүүлөрүнө кеткен чыгымдарын эске алуу менен белгилөө сунушталат.
Мындан тышкары, буйрук долбоорунда негизги жеткирип берүүчү тарабынан электр энергиясын импорттоо токтотулган учурда, бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн негизги жеткирип берүүчүдөн электр энергиясын сатып алуу тарифтери кайра жаралуучу энергия булактарынын субъекттери үчүн белгиленген тарифтин чектүү деңгээлинде аныкталары каралган. Ал эми импорттолгон электр энергиясы жана кайра жаралуучу энергия булактарынын субъекттеринен алынган электр энергиясы жок болгон учурда, ар бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн жылдык жалпы чыгымдардын суммасы ушул Методиканын 11-пунктуна ылайык эсептелет.
3. Мүмкүн болгон социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди болжолдоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул токтомунун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтык жөнүндө маалымат
Бул буйруктун долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий сайтында 2026-жылдын ___ _____, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталында 2026-жылдын ___ _______ коомдук талкуудан өткөрүү жол-жоболору үчүн жайгаштырылган.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык мыйзамдардын актыларына карама-каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бул токтомунун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды бөлүүгө алып келбейт.
7. Жөнгө салуу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Бул буйруктун долбоору энергетикалык компанияларга карата ишкердик ишти колдонуудагы мамлекеттик жөнгө салуунун таасирин жогорулатууга багытталган эместигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.
Министр Т.О. Ибраев
Электр тармактарынын шарттуу бирдигин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын эсептөөнүн усулдугунун долбоорунун
САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ