Чечим 546

Мазмуну

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 546 «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИ

ЖАРЛЫГЫ

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 546 «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 546 «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) үчүн республикалык бюджеттин эсебинен электр энергиясына акы төлөөгө ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмдөрүн керектөөнүн төмөнкү ченемдеринин чегинде белгиленсин:»

жай мезгилинде, 1-апрелден тартып 1-октябрга чейин - айына 300 кВт/саат электр энергиясынын көлөмүндө; 

кыш мезгилинде, 1-октябрдан тартып 1-апрелге чейин - айына 500 кВт/саат электр энергиясынын көлөмүндө;

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«– компенсация калк үчүн айына 700 кВт/саатка чейин керектелген учурдагы тарифке ылайык, белгиленген керектөө ченемдеринин чегинде 1 кВт/саат үчүн 50,0 тыйынды алып салуу менен жүргүзүлсүн;»

2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын  Президенти                                                                                      С.Н. Жапаров