Чечим 1

Мазмуну

КР МК Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбооруна ЖСТТ жүргүзүү процессинде ачык консультация болуп өттү

2025-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүү процессинде ачык консультация болуп өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле энергетика тармагындагы көз карандысыз эксперттер катышышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын концепциясы талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын концепциясын жана долбоорго талданма (аналитикалык) катты (жөнгө салуучу таасирди талдоо) жактыруу чечими кабыл алынды.