Кыргызстанда 1-майдан тартып акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын жаңы тарифтери күчүнө кирет
Актуалдуу
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кире турган электрэнергиясынын жаңы тарифтерин бекитти (Буйрук № 89 2025-жылдын 29-апрели). Бул 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын (ОМТС) бир бөлүгү болуп саналат жана энергетика тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого, бюджеттик таңкыстыкты кыскартууга жана инфраструктураны модернизациялоого багытталган.
Акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстанда электрэнергиясын керектөө 3,6 млрд кВт/саатка көбөйүп, энергетикалык системага оорчулук алып келди. Жабдуулардын эскириши жана кымбат энергетикалык жабдыктарды чет өлкөдөн сатып алуу аталган тармакта каражат тартыштыгын жаратты. 2024-жылы энергетика тармагынын каржылык таңкыстыгы 8,1 млрд сомду түздү.
Кыргызстандагы тарифтер узак убакыт бою электр энергиясынын баасын жаппай келет. Мисалы, 2024-жылы 1 кВт/сааттын өздүк наркы 2,72 сомду түзгөн, ал эми керектөөчүлөр үчүн орточо тариф 2,11 сом гана болгон. Бул айырма мамлекеттик субсидиялар аркылуу жабылган.
Министрлик талдоо жүргүзүп, анын негизинде тарифтерди электр энергиясынын өздүк наркына акырындык менен жеткирүү үчүн өзгөртүүлөр киргизилди.
Калк үчүн 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын тарифи 1 кВт/саат үчүн 1,11 сомдун ордуна 1,37 сом деп белгиленди, башкача айтканда, социалдык чек мурдагыдай калат. 700 кВт/сааттан ашкан учурда тариф 2,39 сомдун ордуна 2,60 сом болот. Ал эми электр энергиянын чектөөсүз колдонгондор үчүн тариф 3,63 сомдун ордуна 4,42 сомду түзөт.
Башка керектөөчүлөр үчүн тарифтер төмөнкүдөй өзгөрөт:
● Социалдык жана коомдук мекемелер (мектептер, бала бакчалар, диний уюмдар) – 2,62 сом/кВт/саат (буга чейин 2,12 сом болгон).
● Өнөр жай ишканалары – 3,34 сом/кВт/саат (буга чейин 3,18 сом болгон).
● Коммерциялык керектөөчүлөр – 3,96 сом/кВт/саат (буга чейин 3,77 сом болгон).
● Бюджеттик мекемелер – 4,09 сом/кВт/саат (буга чейин 3,77 сом болгон).
● Энергияны көп талап кылган тармактар (майнинг, цемент заводдору, алкоголдук өндүрүш) – 6,06 сом/кВт/саат (буга чейин 5,58 сом болгон).
● Электромобилдерди кубаттоо станциялары – 5,31 сом/кВт/саат (буга чейин 4,90 сом болгон).
Тарифтик системаны ачык-айкын кылуу үчүн керектөөчүлөрдүн категориялары 14төн 7ге чейин кыскартылды. Эми так бөлүнгөн топтор белгиленди: калк, социалдык объектилер, өнөр жай жана коммерциялык ишканалар, энергияны көп талап кылган өндүрүштөр, мамлекеттик мекемелер жана электромобилдерди кубаттоостанциялары.
Жаңы тарифтердин кабыл алынышы энергетикалык компаниялардын бюджеттик таңкыстыгын азайтууга, электрэнергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана инфраструктураны модернизациялоого инвестиция тартууга багытталган. Ошондой эле ал тарифтик системаны адилеттүү жана ачык кылууга, мамлекеттик субсидияларга болгон көз карандылыкты азайтууга, оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерин тездетүүгө, өлкөнүн энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
