БУЙРУК
21-декабрь 2020-ж. № 185 Бишкек шаары
2021-жылдын 1-кварталында ишкердик субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ишкердик субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтому менен бекитилген ишкердик субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен 2020-жылдын 14-декабрынан макулдашылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин ОМКсына текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жылуулук-энергетикалык комплекстин субьектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн планы (мындан ары – План) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензиялоо жана контролдоо бөлүмү тарабынан ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген План жетекчиликке алынсын.
3. Текшерүүлөрдү координациялоо боюнча милдет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензиялоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Т.Э. Орозалиевге жүктөлсүн.
4. Пресс-катчы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтына жарыяласын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.М. Айдаровага жүктөлсүн.
Директор Т.И. Нурбашев