БУЙРУК
25-февраль № 60 Бишкек шаары
«Чынар» ачык типтеги акционердик коомунун электр энергиясын сатуу боюнча лицензиясын колдонууну токтотуу жөнүндө"
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген отун-энергетикалык комплекси тармагында ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 32-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин юридикалык жак жоюлгандыгы тууралуу 2020-жылдын 18-февралындагы № 01-13/402 катын эске алуу менен,
БУЙРУК КЫЛАМ:
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.М. Айдаровага жүктөлсүн.
Директор Т. И. Нурбашев