'

Акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына тарифтердин бир нече жылдар бою өздүк наркынан төмөнкү деңгээлде белгиленип келиши акча каражаттарынын ар жылдык тартыштыгына жана кайчылаш субсидиялоонун көбөйүшүнө алып келген. Бул өз кезегинде жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү жабдуулардын жогорку деңгээлдеги эскиришине шарт түздү. “Бишкек жылуулук түйүнү” ААК боюнча жылуулук тармактарынын куур түтүктөрүнүн жана жылуулук-техникалык жабдууларынын жешилүүсү жана моралдык эскирүүсү 76 % ды түзгөндүгү, “Кыргыз жылуулук энергия” МИнин көпчүлүк отканаларынын өткөн кылымдын 60-70-жылдарында пайдаланууга киргизилиши отканалардын негизги жана көмөкчү жабдуулары моралдык жана физикалык жактан эскиргендигин күбөлөндүрүп турат. Жылуулук тармактары өздөрүнүн кызматтык ченемдик мөөнөттөрүнөн 2-3 эсе көп иштеп коюшкандыктарынын себебинен жылуулук энергиясы көп өлчөмдөгү жоготууларга дуушар болууда.

Ушуга байланыштуу, эски жабдууларды бир кыйла үнөмдүү жана натыйжалуу жаңы жабдууларга алмаштыруунун, ошондой эле кошумча финансылык каражаттарды талап кылган жаңы инновациялык технологияларды киргизүүнүн обьективдүү зарылдыгы келип чыкты.

Ошондой эле, магистралдык жана кварталдык тармактардын жаңы тилкелерин курууга, насостук жабдуулардын кубаттуулугун көбөйтүүгө жана жаңы насостук станцияларды түзүүгө, жаңы аккумулятордук бактарды ж.б.у.с. курууга каражаттардын жетишсиздиги сезилүүдө.

         Бишкек шаарындагы ЖЭБден иштелип чыккан жылуулук энергиясын берүүдөн акча каражаттарынын ар жылдык миллиарддаган тартыштыгы өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. 2019-2020-жылдардын көрсөткүчтөрүн эле алып караганыбызда, көрсөтүлгөн ЖЭБден жылуулук энергиясын берүүдөн пайда болгон акча каражаттарынын тартыштыгы тиешелүүлүгүнө жараша 1,4 млрд сомдон 1,6 млрд сомго чейинки сумманы түздү. Бардык чыгашалар “Электр станциялары” ААКка тиешелүү болгондугуна байланыштуу, көрсөтүлгөн акча каражаттарынын тартыштыгын жабууга бюджеттен субсидия бөлүнбөй тургандыгын белгилеп кетүүбүз керек.

         Жылуулук менен жабдуу тармагындагы көрсөтүлгөн көйгөйлөр эске алынуу менен, 2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилдеринен өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан зарыл болгон сарптоолорду жабууга жана орто мөөнөттүү келечекте жылуулук энергиясынын наркын тарифтер менен жабууга жетүүгө мүмкүндүк бере турган, экономикалык жактан негизделген тарифтик саясатты жүргүзүү болуп эсептелген каатчылыкка каршы чаралардын бири ишке ашырылууда.

         Ушундай максатта жылуулук энергиясына жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын (мындан ары – ОМТС) долбоорун иштеп чыгуу башталды.

         ОМТСтын жаңы долбоорунда акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына төмөндөгүдөй тарифтерди киргизүү каралууда.

         2021-жылы калк үчүн 25 % га жогорулатуу сунуш кылынат, же:

         - жылуулук энергиясына тариф 1 418,45 сом/Гкал ды түзөт;

         - ысык суу менен жабдууга тариф 1 227,2 сом/Гкал ды түзөт.

         Наркка жетишилгенден кийин жылуулук энергиясынын тарифтерине инфляциянын деңгээлине карата ар жыл сайын түзөтүүлөр киргизилип турат.

         Башка керектөөчүлөр үчүн 2021-жылдын 1-августунан тартып инфляциянын деңгээлине карата ар жылдык түзөтүүлөрдү киргизип туруу сунуш кылынат, же:

         - жылуулук энергиясына тариф 1 801, 89 сом/Гкал ды түзөт;

         - ысык суу менен жабдууга тариф 1 801, 89 сом/Гкал ды түзөт.