'

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты (мындан ары - ОЭКМА) Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан жапа чеккен тургундарга жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которушту.

ОЭКМА жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.