Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо жөнүндө маалымдайт.
1. Сунушталган жөнгө салуу менен чечиле турган көйгөйлөрдүн сыпатталышы:
Бүгүнкү күндө лицензия берүү тартибин жөнгө салуучу жана жалпы лицензиялык талаптарды белгилөөчү мыйзам алдындагы актынын жоктугунун натыйжасында жаңы энергетикалык ишканларды лицензиялоо жаатында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу отун-энергетикалык комплекси тармагында лицензияларды берүүгө жана аларды узартууга мүмкүнчүлүк жок болууда.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатынын жана аны чечүүнүн ыктарынын сыпатталышы:
Ишкерлердин нааразычылыктарын чечүү, өлкөнүн стратегиялык тармагына инвестицияларды тартуунун үзгүлтүккө учурашына жол бербөө, ошондой эле жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, отун-энергетика комплексин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана республиканын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, бүгүнкү күндө лицензиялык талаптарды толук түрдө чагылдыра ала турган тиешелүү убактылуу жобону кабыл алуу жолу менен отун-энергетикалык комплекси жаатындагы лицензия берүүнүн жол-жоболорун кыска мөөнөттөрдө жөнгө салуу жана калыбына келтирүү өтө зарыл.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүп жаткан пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо:
Сунушталып жаткан жөнгө салуунун натыйжасы боюнча, отун-энергетикалык комплексинин чөйрөсүндө субъекттер тарабынан ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензияларды берүү, отун-энергетикалык комплекси жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, белгиленген формаларда лицензияларды алуу үчүн электрондук форматта арыз берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү сыяктуу багыттарды өркүндөтүү жактары күтүлөт.
4. Мүмкүн болгон жагымсыз натыйжаларга баа берүү:
Жагымсыз натыйжалардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү жок.
5. Сунушталган жөнгө салуунун даректелүүчүлөрүнүн - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан электр энергетикасы, жылуулук энергетикасы, жаратылыш газы жана энергиянын кайра жаралуу булактары жаатындагы 187 лицензияттын иши жөнгө салынат, анын ичинде:
- электр энергиясы боюнча 154 лицензиат;
- жылуулук энергиясы боюнча - 16 лицензиат;
- мунай жана газ боюнча 17 лицензият.
6. Анын киргизилишине байланышкан сунуш кылынып жаткан жөнгө салуунун потенциалдуу даректелүүчүлөрүнүн кошумча чыгымдарына жана пайдаларына жакындаштырылып (болжолдуу) эсептелген баалоо:
Ушул токтом долбоорунун кабыл алынышы менен ишкердик субъекттери кандайдыр бир кошумча түйшүк тартышпайт.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын менен пайдаларын жакындаштырып (болжолдуу) баалоо:
Сунуш кылынган долбоорду кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.
Билдирүүгө тиркелет:
1. Айкын кеңеш берүүгө катышуучулар үчүн суроолордун тизмеги:
- жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн көйгөйлөр ишенимдүү болуп эсептелеби;
- көрсөтүлгөн максат ийгиликтерге жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп эсептелеби;
- сунушталып жаткан жөнгө салуу көйгөйлөрдү чечүүнүн эң артыкчылыктуу ыкмасы болуп саналабы;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай пайдалар жана артыкчылыктар пайда болушу мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынса, кандай коркунучтар жана жагымсыз натыйжалар келип чыгышы мүмкүн;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн мындан башка альтернативдүү, бир кыйло натыйжалуу жолдору барбы;
- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.
Суроолордун тизмегин кеңейтсе болот.
Билдирүүнүн маалыматтарын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөр
1. Сунуштар кабыл алынат: |
|
- электрондук почта аркылуу |
|
- почта дарегине |
720055, Бишкек ш., Иса Ахунбаев көч., 119 |
2. Сунуштарды кабыл алуу ушул мөөнөттөн кечиктирилбейт |
2021-жылдын 1- апрель |
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруу ушул мөөнөттөн кечиктирилбейт |
2021-жылдын 12- апрель |