'

Бүгүн, 2020-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргуль Айдарова «Кабар» агенттигинде “2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык” аталыштагы темада болуп өткөн басма сөз жыйынына катышты.  

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө: Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлөбү? – деген суроо берилди.

Мамагенттиктин директорунун орун басары Миргуль Айдарова Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилгенин билдирди. Анда    тиричилик абоненттери (калк) айына 700 кВт.с көлөмгө чейин электр энергиясын пайдаланса (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калк үчүн айына 1000 кВт.с чейин керектегенде) төлөм 77 тыйын, андан ашык керектелген көлөмдө 1 кВт.с үчүн 2,16 сом тарифи боюнча жүргүзүлөт. Башка абоненттерге дагы 2,24 сом 1 кВт.с ичинде сакталып калган, насостук станциялардын абоненттери (социалдык тариф боюнча) 77,9 тыйын төлөйт. Ошондой эле киргизилген жаңы абоненттер, алар интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарымжартылай стационардык мекемелер 1 кВт.с. үчүн 1,58 сом төлөйт. Майнинг субъекттери (криптовалюта) жаңы абоненттер үчүн жогорулатылган тариф бекитилген, алар 1 кВт.с үчүн 2,91 сом төлөйт.

Ошондой эле М.Айдарова 2021-жылы жаңы тариф саясатын иштеп чыгуу башталаарын жана тариф саясаты балким 3 же 5 жылга түзүлөөрүн белгиледи.

Мамагенттиктин маалымат-кызматы