БУЙРУК
4-сентябрь № 122 Бишкек шаары
2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүү планын аткаруу боюнча отчетту бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, буйрук кылам:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын натыйжалуулугунун мониторингин жана баалоону жүргүзүү планын аткаруу боюнча отчет бекитилсин.
2. Укуктук колдоо бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалымат жөнөтсүн;
- жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ченемдик укуктук акт иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин.
3. Пресс-катчы:
- жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин расмий сайтына жарыяласын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы А.С. Абдыжапаровго жүктөлсүн.
Директор Т.И. Нурбашев