'

2020-жылдын 1-октябрында КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Улуу Ата Мекендик согушка катышкан үч ардагерге материалдык жардам көрсөттү. Аны менен катар 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктап, ветерандарга азык-түлүк пакеттерин тапшырышты.

 

Эске салсак, Мамлекеттик агенттик КР Премьер-министринин тапшырмасын аткаруунун алкагында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралардын негизинде үч согуш ардагерине дайыма материалдык жардам көрсөтүп келет.

 

Согуш ардагерлеринин тизмеси:

 

Журик Галина Семеновна (1924-ж.т.);

Киреев Анатолий Никонорович (1927-ж.т.);

Мухамеджанов Шамиль (1925-ж.т.).