'

 

2020-жылдын 22-сентябрында КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин чоң залында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына жана мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 

Иш-чарага Мамагенттиктин директору Таалайбек Нурбашев, статс-катчы Аскарбек Абдыжапаров, директордун орун басары Миргул Айдарова жана жалпы жамаат катышты. Иш-чарага конок катары КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү Нурсултан Абдыбеков катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин кадыр-баркы, азыркы учурдагы абалы жана келечектеги өнүп-өсүүсү тууралуу атайын доклад окулуп, сунуштар айтылды.

 

Ошондой эле, Мамагенттиктин директору Таалайбек Нурбашев 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү менен жалпы жамаатты куттуктады. Бул күнү мамлекеттик тил комиссиясынын кыргыз тил төш белгиси менен мамагенттиктин бир кызматкери жана Ардак грамотасы менен дагы бир кызматкер сыйланды.

22.09.2020.