'


2020-жылдын 6-июнунда жана 28-августта КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 4 ардагерге материалдык жардам көрсөттү.

Эске салсак, Мамлекеттик агенттик КР Премьер-министринин тапшырмасын аткаруунун алкагында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралардын негизинде 4 согуш ардагерине ай сайын материалдык жардам көрсөтүп келет.

Согуш ардагерлеринин тизмеси:

Ерохин Алексей Васильевич (1927-ж.т.);
Журик Галина Семеновна (1924-ж.т.);
Киреев Анатолий Никонорович (1927-ж.т.);
Мухамеджанов Шамиль (1925-ж.т.).