'

Урматтуу кесиптештер! 

Сиздерди Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун.

Рамазан айы адамдарды кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка жана аруулукка үйрөткөн ыйык ай. Баарыңыздардын үй-бүлөңүздөрдө береке, ырыскы, бакубатчылык болсун. Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болсун.  

Айтыңыздар маарек болсун!

 

ОЭКМАнын директору Таалайбек Нурбашев.