'

Жыл сайын 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет.

Бул күн 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин № 825-VI токтому менен бекитилип, улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Калпак күнүн белгилөө демилгесин режиссер Ырысбек Жабиров көтөрүп чыккан.