'

2020-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өткөрдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамагенттиктин директору Т.И. Нурбашев “Эл аралык эне тил күнү жана анын эл аралык мааниси жөнүндө” баяндама жасап, Эл аралык эне тил күнүнүн белгиленүү тарыхына, ар бир этностун тилинин баалуулугуна жана алардын тарыхтагы ордуна, азыркы ааламдашуу заманында дүйнө элдеринин тилдеринин катарында жашап келе жаткан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тилинин өнүгүшүнө мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга, анын коомдогу ордуна, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында Мамагенттикте жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, бул багытта мындан ары аткарыла турган алдыдагы милдеттерди белгилеп өттү.

 Эске салсак, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри А.С.Өмүрбекованын Эл аралык эне тил күнүн белгилөө тууралуу 2020-жылдын 12-февралындагы № 21-3192 тапшырмасы боюнча өткөрүлдү. 

21-февраль - Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган.