'

2020-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикте мекеменин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Мамагенттиктин коомдук кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө Мамагенттиктин 2019-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жана аткаруучулук тартибинин отчеттору угулду.

Коллегиянын жыйынтыгында айтылган сунуштар эске алынып токтом кабыл алынды.