БУЙРУК

 

31-январь 2020-жыл № 20                                Бишкек шаары

 

«Интергласс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жылуулук энергиясын өндүрүү, сатуу жана берүү лицензияларын колдонууну токтотуу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 токтому менен бекитилген “Отун-энергетикалык комплекси тармагында ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобого”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобого ылайык, «Интергласс» жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиялануучу иштин түрүн жүзөгө ашырууну ыктыярдуу токтотуу тууралуу 2020-жылдын 21-январындагы №28 катынын негизинде,

БУЙРУК КЫЛАМ:

  1. “Интергласс” жоопкерчилиги чектелген коомунун төмөндөгү лицензияларын колдонуу токтотулсун:

- Серия I-ГАЭ № 00317 жылуулук энергиясын өндүрүү боюнча;

- Серия I-ГАЭ № 00318 жылуулук энергиясын сатуу боюнча;

- Серия I-ГАЭ № 00319 жылуулук энергиясын берүү боюнча.

2.      Лицензиялоо жана контролдоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин лицензиятарынын реестрине лицензияларды колдонууну токтотуу тууралуу маалыматты киргизсин.

3. “Интергласс” жоопкерчилиги чектелген коому кагаз жүзүндөгү лицензияларын Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин дарегине кайтарсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.М. Айдаровага жүктөлсүн.

 

Директор                                                                             Т. И. Нурбашев