2019-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты ишембиликке чыгышты.

Жамаат Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишин тазалап, арыктардагы таштандыларды чыгарышты. Ишембиликтин аягында 65 кап таштанды чогултулду.