'

Бүгүн, 2019-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги 6-7-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери шейит кеткен ата-бабалардын арбагына багыштап куран окуп, эстеликке гүл коюшту.  

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Вице-Премьер-министри А.С.Өмүрбекованын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 21-4687 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн” өткөрүү боюнча иш-чаралар планын аткаруу тапшырмасынын негизинде уюштурулду.