2019-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жамааты тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдеев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тарыхчы Ж.Байдилдеев мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктары жөнүндө кеңири маалымат берди.

Андан сырткары, тарыхчы Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракесине карата саясий ишмер тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

Аталган иш-чара мамлекеттик агенттиктин ичиндеги окутуулардын планын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.